Жалал-Абад облусу: Жол иштеринин түрмөгү
- 30 просм.
№ 12 Жол тейлөө ишканасы:
Кербен шаарынын Баетов көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүрүүдө.
Жергиликтүү маанидеги Мукур-Итагар унаа жолунун 0-6-чакырымдар аралыгы оңдолууда.
№ 22 Жол тейлөө ишканасы:
Сузак-Арал-Жийде унаа жолунда асфальт төшөө менен катар атайын техниканын жардамы менен мыйзамсыз курулуштарды бузуу жумуштары аткарылып жатат.
№ 30 Жол тейлөө ишканасы:
Бишкек-Ош жолунда тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо иштери жүрүүдө.
№ 31 Жол тейлөө ишканасы:
Калмак-Кырчын-Канжыга унаа жолу кеңейтилип жатат.
№ 38 Жол тейлөө ишканасы:
Таш-Көмүр-Кербен-Ала-Бука жолунун 45-чакырымында арык (траншея) казуу иштери жүрүүдө.
№ 50 Жол тейлөө ишканасы:
Базар-Коргон районунун Чкалов айылындагы 3 чакырым жолго асфальт төшөлдү.
№ 51 Жол тейлөө ишканасы:
Ленин-Жол-Шайдан, Ленин-Жол-Казар-Мазар-Сере жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы