mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

COP 29: Кыргызстандын жашыл транспорту: Климаттын өзгөрүү шарттарындагы чакырыктар жана перспективалар

Азербайжандын борбору Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын алкагында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеевдин төрагалыгы астында ведомствонун атайын иш-чарасы өттү.

Ал “Кыргызстандын жашыл транспорту: Климаттын өзгөрүү шарттарындагы чакырыктар жана перспективалар» темасына арналды. Министрдин орун басары Бекжан Рысмендеев иш-чараны ачып жатып, климаттын өзгөрүшүнүн өлкөнүн транспорт секторуна тийгизген таасири, экологиялык таза технологияларды колдонуу маселелерине токтолуп, бул жаатта мамлекеттик, жеке жана эл аралык уюмдардын ортосунда тажрыйба алмашуу менен кызматташуу үчүн платформа түзүүнүн маанилүүлүгүн айтып өттү.

Ошондой эле, Кыргызстандын транспорт тармагы боюнча кыска тасма көрсөтүлүп, жаңы демилге, долбоорлор тууралуу презентациялар жасалды.

Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев “Туруктуу жана санариптик орто коридор жана анын чегинен тышкары” темасында тегерек столго катышты.  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы