Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү: 10 айда өлкө казынасына 97 млн 605 миң сом чегерилди
- 14 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2024-жылдын 10 айынын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 577 500 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 790 протокол түзүлдү.
Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 97 млн 605 миң 756 сом (2023-жылдын 10 айында — 49 602 084 сом) чегерилди.
Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы