Транспорт министри Сыргабаев баштаган жетекчилер «Т» жолундагы жашоочулар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү
- 17 просм.
17-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна иш сапары менен барды.
Анын алкагында министр Абсаттар Сыргабаев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана тиешелүү башка мекеме-ишканалардын жетекчилери “Т” түрүндөгү жолдун Кара-Суу районунун Датка айыл аймагына караган 600 метр аралыгын кеңейтүү боюнча жеринде кеңешме өткөрүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Бүгүнкү күндө аталган жолдун 3,4 чакырымына асфальт төшөлүп, калган 600 метр аралыгын төрт тилкелүү кылып салуу үчүн долбоор даярдалган. Анда жолго чыккан 28 жеке менчик үй бар экени көрсөтүлгөн. Министр баштаган жетекчилер турак үйлөрдү кыдыруу менен ээлерине жолугуп, жолду кеңейтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жетекчилер жашоочуларга атайы көз карандысыз адистер өз баасын бергенден кийин кенемте маселеси карала турганын кошумчалашты.
Кошумчалай кетсек, Бишкек-Ош автожолунун Ош шаарына кире беришиндеги жолдун курулуш иштери былтыр декабрь айында башталган. Ошко кире бериштеги жол тилкеси “Т” формасына окшош болгону үчүн ушундай аталып калган. Бул жол пайдаланууга берилсе шаар ичиндеги жол тыгыны азаят.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы