mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкекте темир жол транспорту, кургак порттор, мультимодалдык ташуулар жаатында өлкөнүн дараметин арттыруу боюнча улуттук семинар өттү

Бишкекте темир жол транспорту, кургак порттор, мультимодалдык ташуулар жаатында өлкөнүн дараметин арттыруу боюнча улуттук семинар өттү. Иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев баштаган ведомствонун кызматкерлери менен Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык Социалдык Комиссиясынын жана Өзбекистандын Транспорт министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Семинардын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Трансазиялык темир жол тармагы жөнүндө өкмөттөр аралык Келишимге жана «Кургак порттор» жөнүндө өкмөттөр аралык Келишимге кошулуу боюнча демилгеси, алардын артыкчылыктары жана кошулуу процедуралары талкууланды. Ал эми Өзбекистандын Транспорт министрлигинин өкүлдөрү аталган келишимдерге 2023-жылдагы кошулуусу боюнча кененирээк маалыматтарды берип, аткарылып жаткан иштерин тизмектеди.  

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар транспорт жаатында презентацияларды жасап, иш-чара суроо-жооп, талкуу форматында уланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин суранычы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык Социалдык Комиссиясы тарабынан Кыргызстандын аймагындагы кургак порттор боюнча атайын изилдөө жүргүзүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Белгилей кетсек, улуттук семинар Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык Социалдык Комиссиясы менен биргеликте уюштурулду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы