Транспорт министрлигине жыл аягына чейин 453 техника келет
- 7 просм.
Бүгүн, 14-ноябрда Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратынын алдында бюджеттин эсебинен сатылып алынган атайын техникалардын көргөзмөсү өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев жана эл өкүлдөрү катышты.
Анын алкагында Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев министрликке алынган техникалар боюнча маалымат берди.
«Үстүбүздөгү жылдын 20-декабарына чейин 453 даана техника алып келинет, пайдаланууга беребиз»,-деди министр.
Мындан тышкары, көргөзмөдө ата мекендик өндүрүш товарлары жана айыл чарба продукциялары коюлган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы