Ашуулардагы абал: жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок
- 34 просм.
Бүгүн, 13-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык. Тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы