Транспорт министри Сыргабаев Кочкор-Коммунизм жолундагы көпүрөнүн курулушунан кабар алды
- 24 просм.
7-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор—Коммунизм унаа жолунун 1+500-чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштеринен кабар алды.
Жаңы көпүрөнү куруу жумуштары жакынкы күндөрү аяктай турганы белгилүү болду. Азыркы тапта бетон аралашмасын куюу иштери жүрүп, жеринде техникалар иштеп жатат.
Көпүрө 3 пролеттон туруп, узуну 54 метрди түзөт, туурасы 12,5 метр.
Министр иш ыргагын ыкчамдатуу менен көпүрөнү белгиленген мөөнөттө колдонууга берүүнү тапшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы