Ашуулардагы абал
- 13 просм.
Сосновка постунда буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 07:30да алынды. Аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан шамаал үйлөгөн кар күрткүлөрүн тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Ушундай эле жумуштар Өтмөк ашуусунда да аткарылып жатат. Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы (60-чакырымына) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек.
Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында жол ачык, каттам бар. 30-октябрга караган түнү Талдык ашуусунда жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан оор жүк ташуучу унаалар атайын техникалардын иштешине тоскоолдук жаратып, жол эрежесин сактабай, каршы тилкеге чыккан транспорт каражаттары жасалма тыгын пайда кылган. Аймакты караган №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан түнү менен жол тазалоо иштери менен катар, кырдаалды жөнгө салуу аракеттери көрүлдү. Азыркы тапта жол ачык, каттам бар.
Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы