Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жер жана суу транспорт департаментинин Нарын аймактык башкармалыгы административдик кызматтардын кенже тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү жарыялайт
- 10 просм.
Транспорт багыты боюнча мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
Жогорку кесиптик билим:
А ). «Техникалык илимдер» чөйрөсүндөгү жогорку техникалык кесиптик билиминин төмөндөгү багыттагы адистиктери:
— «Жер транспортунун системалары» багытындагы «Автомобиль жана автомобиль чарбасы» адистиги;
— «Автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо» багытындагы «Ташууну жана транспортту башкарууну уюштуруу», « Жол кыймылын уюштуруу», «Кыймылды уюштуруу жана коопсуздук», «Автомобиль транспортун эксплуатациялоо» адистиктери;
— «Курулуш багытындагы» автоунаа жолдору жана аэродромдору» адистиги;
Б ) « Транспорттук техника жана технология» чойросундогу жогорку техникалык кесиптик билиминин томондогу багыттагы адистиктери:
— «Транспорт- технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо» багытындагы «Автомобиль транспорту», «Суу транспорту», «Машина куруу», «Механизация» адистиктери.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир
жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3
жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
иш стажына талаптар коюлбайт; (кенже тобуна)
3. Кесиптик компетенциялар:
-Кыргыз Рспубликасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары;
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кѳлөмдѳ мамлекеттик жана/же расмий тилдери.
3.1. Билими:
— 1. Кыргыз Республикасынын «Транспорт жонундо » 08.07.1998-ж №89 мыйзамы
— 2. «Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө»Мыйзамы;
— 3. «Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жыл 14- декабрындагы № 678 токтому;
— 4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жер жана суу транспорту департаменти жөнүндө» 14-жылдын 2022-апрелиндеги № 223токтому.
3.2. Билгичтиги:
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
— кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
— мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
— командада иштөө.
3.3. Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер (чогултулуп тиркелет):
— Форма боюнча жеке арыз;
— Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен);
— Резюме (телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— Автобиография (соттолбогону бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— Негизги жана кошумча билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн);
— Нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо);
-Окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Талапкерлердин документтери жарыя сайтка чыккан кундөн баштап 10 күн ичинде кабыл алынат. Нарын шаарындагы Нарын көчѳсүнүн № 30 дареги боюнча кабыл алынат.
Маалымат үчүн Телефон (03522) 5-19-23.