Ашуулардагы абал: Жол тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө
- 13 просм.
Бүгүн, 29-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө эртең менен саат 8:35те алынды. Ошондой эле Өтмөк ашуусунда дагы унаа кыймылына чектөө жок.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы