Транспорт жана коммуникациялар министри Сыргабаев менен ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Кожошевдин жолугушуусу болуп өттү
- 36 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев менен Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар 2024-2026-жылдарга карата жол картасынын алкагында аткарууга пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.
Мындан тышкары, Сыргабаев менен Кожошев инфраструктуралык долбоорлорду, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы