Ашуулардагы абал: Жолдор ачык, каттам бар
- 39 просм.
Бүгүн, 24-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел менен Төө-Ашууда, Өтмөктө жана башка жолдордо каттам бар. Ошондой эле, Барскоон-Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу менен Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда жол ачык. Жолчулар тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы