Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү: Баткенде 3 күндүн ичинде 100дөн ашык унаа текшерилип, 1,2 млн сомдон ашык айып пул салынды
- 38 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 20-22-октябрь күндөрү жүргүнчү жана жүк ташыган 100дөн ашык унаа текшерилип, мыйзамды бузган айдоочуларга айып пулдар салынды.
Текшерүүгө алынган унаалардын арасынан оор жүк ташыган 16 транспорттун айдоочусуна Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренесинин биринчи жана үчүнчү бөлүгүнүн негизинде айып пулдар салынып, жалпы каражаттын суммасы 580 000 сомду түздү.
Мындан тышкары, жалпы пайдалануудагы унаа жолдорго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 8 айдоочудан 674 240 сом өндүрүлдү.
Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейбиз.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы