mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Арал-Казарман унаа жолу: Тазалоо иштери уланууда, бир тараптуу каттам бар

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тазалоо иштери уланууда. Бир тараптуу каттам бар. Жеринде аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам тоо бетинен таштар кулап, каттам убактылуу жабылган. Таш көчкүнүн көлөмү болжол менен 3000 м3 түзүп, тазалоо иштери дароо башталган.

Ошондой эле, №24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аталган жолдун 222-243-чакырымдар аралыгында жол тасмасына түшкөн таштарды тазалоо иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы