Балыкчы-Кочкор унаа жолу убактылуу жабылат
- 2 просм.
2024-жылдын 16-октябрынан тарта дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 8.00дон-17.30га чейин “Балыкчы-Кочкор” автомобиль жолунун Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки 39+90 км – 42+90 км чейин 1 ай аралыгында жабылат.
Аталган тилкенин жабылуусу “Балыкчы-Кочкор темир жол куруу долбоорунун” курулушунун ишке ашыруунун алкагында долбоорлонгон темир жол тилкесинин 37-чакырымдан 43-чакырымга чейинки аралыкта аска таштарды бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
Министликтин маалымат кызматы