mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Арал-Казарман унаа жолу: бир тараптуу каттам берилди

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкеси (270-271-чакырымдар аралыгы) тазаланып, бир тараптуу каттам берилди. Жеринде аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары жана атайын техникалар иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-октябрь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам тоо бетинен таштар кулап, жолдун 270-271-чакырымдар аралыгын жаап калган. Таш көчкүнүн көлөмү болжол менен 3000 м3 түзүп, тазалоо иштери дароо башталган. Азыркы тапта бир тараптуу каттам бар, тазалоо иштери уланууда.

Аны менен катар Арал-Казарман унаа жолунун тоо боорунан кулаган таштарды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы