mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативдик авто жолунун  Арал-Казарман участогуна эки жерден таш кулап жол убактылуу жабык

Түндүк-Түштүк альтернативдик авто жолунун  Арал-Казарман участогуна эки жерден таш кулап жол убактылуу жабык

2024-жылдын 16-октябрында Түндүк-Түштүк альтернативдик авто жолунун  Арал-Казарман участогунда  270-271 чакырым аралыгына жаандан  улам тоо бетинен таштар кулап жолду жаап калган.  Жол үстүнө түшкөн таштын көлөмү болжол менен 3000м3 түздү.  

 Ошондой эле, Арал-Казарман участогунун 243-296 чакырым  аралыгында дагы таш көчкү түшүп, авто жол убактылуу жабык. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.  Жолдун ачылышы тууралуу кошумча маалымат берилет.

 Малымат ирээтинде айта кетсек: Кече түнү Арал-Казарман авто жолунун 243-296 чакырым  аралыгына таш көчкү түшүп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн  жол убактылуу жабылган.

Министрликтин маалымат кызматы.