Министр Сыргабаев «Эркечтам» өткөрүү пунктунда кеңешме өткөрдү
- 21 просм.
Бүгүн, 9-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районундагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты.
Жеринде тиешелүү жетекчилер менен жолугуп, кеңешме өткөргөн министр кытай тарап менен макулдашылган 14/7 иштөө режими толук камсыздалышы керектигин баса белгиледи.
«Жүктөрдү өткөрүүдө ар-кыл тоскоолдуктарды жана негизсиз текшерүүлөрдү кыскартып, жүк ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү. Тейлөө сапатын жогорулатуу зарыл, кошумча акча алуулар болбошу керек. Кандайдыр бир мыйзам бузуулар байкалса тийиштүү чаралар көрүлөт» ,-деди министр.
Мындан тышкары, Сыргабаев Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун 262-чакырымындагы жаңы салынган кыргыз-кытай Достук көпүрөсүн барып көрдү.
Ошондой эле ведомство жетекчиси №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлеринен кабар алды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы