Корумду-Балбай-Баатыр жолу: Жер жумуштары уланууда
- 46 просм.
“Ысык-Көл айланма жолунун 104-184,5-чакырымдар аралыгын (Корумду-Балбай-Баатыр тилкеси) реконструкциялоо” долбоору боюнча курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Азыркы тапта подрядчы тарабынан (China Road and Bridge Corporation) жер жумуштары аткарылып жатат.
Атап айтканда, жолдогу топурактын үстүңкү катмарын тазалоо жана алып салуу, эски асфальтты фрезерлөө, асфальт-бетон төшөлмөсүн жумшартуу жана демонтаждоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле, жараксыз материалдарды сүрдүрүп чыгаруу менен кеңейтүү иштери аткарылып жатат.
Мындан тышкары, темир-бетон электр мамыларын демонтаждоо менен аларды утилизациялоочу жайга жеткирүү, суу түтүктөрүн жылдыруу боюнча иштер башталды.
Подрядчы тарабынан Кичи-Өрүктүдөгү көпүрөнү кеңейтүү иштери менен жолдун 113-чакырымындагы канал аркылуу өткөн көпүрөнү куруу жумуштары жүрүүдө.
Курулуш мөөнөтү 2024-2027-жылдарга белгиленген унаа жол төрт тилкелүү болуп, анда тротуар, велосипед жолу менен 14 көпүрөнүн жана 877 суу өткөргүчтөрдүн курулушу менен реконструкциялоо жумуштары каралган.
Ошондой эле, долбоордун алкагында жарыктандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, темир бетон парапеттер, тосмолор орнотулуп, эс алуу зонасы бар унаа токтотуучу жайлар курулат. Мындан тышкары, долбоордо жолду жашылдандыруу да каралган. Алдыда кыйылган бак-дарактардын ордуна 1:3 катышта жаңылары отургузулмакчы.
Айта кетчү жагдай, долбоордун алкагында кереметүү көлүбүздүн экологиясына кечиктирилгис чараларды көрүү менен абанын булганышын азайтуу максатында курулуш иштерине атмосферага эч кандай көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарбаган толук электр самосвалдары (100 даана) колдонулууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы