mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашуулардагы абал: Жолдор ачык, каттам бар

Бүгүн, 27-сентябрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда жана Суусамыр-Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда 2-3 см калыңдыкта кар жаап, жолчулар тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрдү. Ошондой эле, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жана Ала-Белде кыламык кар жааган, каттам бар.

Азыркы тапта өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылы үчүн эч кандай кыйынчылыктар жок. Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы