mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Рейддик текшерүү иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын эске салат.

Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын так сактоо менен жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу болуп саналарын баса белгилеп, айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.

Белгилей кетсек, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 7-октябрга чейин уланат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы