Министрликтин кызматкерлери ишембиликке чыгышты
- 33 просм.
Бүгүн, 21-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты.
Борбордук аппараттын өкүлдөрү өз бөлмөлөрүн жана ведомствонун айланасын иретке келтиришти.
Мындан тышкары, министрликтин Жол фондунун, “Кыргызавтобекети” мамлекеттик ишканасынын «Кыргызжолтрансдолбоор» долборлоо жана изилдѳѳ институтунун, “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын, Жол чарба департаментинин, “Өндүрүштүк инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин жана АӨБ, ДБ ИӨБ долбоорлорун ишке ашыруу топторунун кызматкерлери да ишембиликке активдүү катышып, өздөрүнө берилген аймактарды тазалашты.
Ошондой эле, министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары менен Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактагы кызматкерлери да айлананы тазалоого чыгышты.
Жалпысынан ишембиликке 330дан ашык кызматкерлер катышты.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, тазалык күнү апрель жана сентябрдын үчүнчү ишембисинде өткөрүлүп келет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы