Кара-Булак-Бейшеке унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүп жатат
- 49 просм.
Кемин районунун Кара-Булак-Бейшеке унаа жолуна капиталдык салымдардын эсебинен асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндө пландалган 2 чакырымдын 900 метрине асфальт басылды.
Жеринде №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы