Ысык-Көл облусу: Пансионаттарга бара турчу жолдор асфальтталууда
- 50 просм.
Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы “Витязь”, “Лазурный берег” пансионаттарына бара турчу жолго асфальт төшөлүүдө. Жумуштар №7 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып, бүгүнкү күндө пландалган 1,7 чакырымдын 300 метрдей аралыгы жасалды.
Белгилей кетсек, буга чейин Бостери айылындагы “Жетиген”, “Нур”, “Алтын Кум”, “Толкун” жана “Тулпар” пансионаттарына бара турчу унаа жолго (1,7 чакырым) мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен асфальт-бетон төшөлгөн.
Ошондой эле, “Кыргызское Взморье” пансионатынан “Аалам” пансионатына чейинки узундугу 1,2 чакырымды түзгөн унаа жол асфальтталган.
Мындан тышкары, Сары-Ой айылындагы “Радуга”, “Жалын”, “Ай-Көл” эс алуу жайларына жете турчу жол (узундугу 1,9 чакырым) жасалып, жумуштар жыйынтыкталган.
Туризмди өнүктүрүү менен жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан пансионаттарга бара турчу жолдорго өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилейбиз.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы