Подрядчысы «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» тарабынан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга 35 тен ашык атайын техникалар тартылды
- 56 просм.
2024-жылдын 18-августунан 19-августка караган түнү, саат 24:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кашат, Корумду, Темировка айылдарынын 104-115-чакырымдарында сел жүргөн. Анын кесепетинен жолдордо тыгындар пайда болуп, жергиликтүү тургундардын бир нече унааларын сел агызып, жолдун жээгин ылай басып калган. Тыгындарды жоюу жана жолду топурак-таштардан тазалоо үчүн «Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр участогун реконструкциялоо» долбоорунун подрядчысы «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» ишканасы тарабынан 4 жүктөгүч бөлүнгөн. Инженер бул иштерди координациялоого кызматкерлерин да жиберген.
2024-жылдын 19-августунда эртең менен Ысык-Көл облусунун губернатору бардык жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, ошондой эле Подрядчынын жана Консультанттын катышуусунда жыйын өткөрүп, анда жабыркаган айылдарда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Жыйындын натыйжасында, Подрядчы тарабынан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга кошумча 3 экскаватор, 1 трал, 5 жүктөгүч жана 25 самосвал жөнөтүлдү. Учурда өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери уланууда.
Министрликтин пресс- кызматы