Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунда жол жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат
- 49 просм.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунда селден кийин жол жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө.
Тактап айтканда № 3 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен аталган унаа жолдун 53-208-чакырымын тегиздеп жатат.
Ал эми капиталдык салымдар беренесинин эсебинен Барскоон-Тамга автожолундагы 1,2 чакырым аралыкка асфальт-бетон төшөө үчүн даярдыктар башталды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы