Жалал-Абад-Благовещенко унаа жолунун 0-2,8-чакырым аралыгы асфальтталат
- 79 просм.
Сузак районуна караган Жалал-Абад-Благовещенко унаа жолунун 0-1,4-чакырымдар аралыгында эски асфальтты сыйруу жумуштары жүрүүдө. Алдыда аталган тилкеге эки катмарлуу асфальт басылат. Ошондой эле, жолдун эки тарабына тротуар курулуп, лотокторду орнотуу, жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт. Ал эми жолдун 1,4-2,8-чакырымдар аралыгында эски асфальттын үстүнө туурасы 9 метрди түзгөн асфальт төшөлөт.
Жалал-Абад жергесине жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев жаңы асфальт төшөө жумуштарын бир жума аралыгында бүткөрүүнү тапшырды.
Ошондой эле ал Базар-Коргон-Бешик-Жон жолунда жүрүп жаткан кеңейтүү иштерин көрүп, жумуштарды 28-августка чейин жыйынтыктоо талабын койду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы