mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Ош-Баткен-Раззаков: Асфальттын үстүңкү катмары төшөлүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Ош жергесине жасаган иш сапарынын алкагында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна барып, иштин жүрүшү менен таанышты.

Азыркы тапта жолдун 28-чакырымында асфальттын үстүңкү катмарын төшөө жумуштары кызуу жүрүп, 1,5 чакырым аралык асфальтталды.Ошондой эле, ал эл аралык маанидеги автомобиль жолунун 63-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн курулушунан кабар алды.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланып, көпүрөнүн алдындагы суу өткөрүүчү шакекчелерди жууп кеткен. Министрдин милдетин аткаруучу бардык башталган иштерди өз убагында, талапка ылайык бүтүрүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Абсаттар Сыргабаев жолду кеңейтүү үчүн бак-дарактарды кыюу иштери менен РЭСтин жол тилкесиндеги мамылары демонтаждалып жаткан Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүн кыдырды. Жол иштеринин жүрүшүн жеринен көргөн жетекчи асфальттын биринчи жана экинчи катмарын белгиленген графикке ылайык бүтүрүүнү тапшырды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы