mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык-Көл облусундагы сел каптаган  жолдор  учурда ачык

 2024-жылдын 11-август күнү Ысык-Көл облусундагы Кара-Талаа-Туура-Суу унаа жолунда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, 1 даана хово, 1 д. манипулятор үлгүсүндөгү техникалар иштеп, жол тазаланган. Азыркы учурда каттам ачык.

Мындан тышкары, Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 147-148 км, 150-152 км, 154-156 км бөлүктөрүндө (Боом капчыгайында) суу каптап, 1 д. манипулятор, 1 д. автогрейдер, 1 д. жүктөгүч иштеп, каттам калыбына келтирилген. Азыркы учурда жолдор ачык, №10 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан тазалоо иштери уланууда. 

Министрликтин маалымат кызматы