mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Зардалыга кете турчу жалгыз унаа жолундагы тар жерлер тазаланып, кеңейтүү иштери жүрүүдө

Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга кете турчу жалгыз унаа жолундагы тар жерлер тазаланып, кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Жумуштар “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.

Жерине тартылган атайын техникалар жана жолчулар жалпы 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 78-85-чакырым аралыгындагы бир унаа араң өтө турчу тилкелерди тазалап, кооптуу жерлерде кеңейтүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, Зардалы – Баткен облусунун бийик тоолуу айылы. Кышы абдан катаал келген Зардалыны башка айылдар менен жалгыз бир гана унаа жолу туташтырат. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөнгө дейре каттам үзүлбөйт.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы