mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, 5-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы менен 6 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп өттү

Бүгүн, 5-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы менен 6 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп өттү.

Күн тартибине жалпы 3 маселе коюлуп, жол жана транспорт тармагы боюнча биринчи жарым жылдыкта жүргөн жумуштар, алдыңкы алты айга койгон милдеттенмелер, жарандардын кайрылуулары жана аткаруу тартиби тууралуу баяндамалар жасалды.

Иш-чаранын соңунда министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев жумушунда жакшы жыйынтык көрсөтө албаган жетекчилерге оозеки эскертүү берип, алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу тапшырмасын койду.

6 айдын жыйынтыгы боюнча пресс-релиз 

Жол тармагы

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2024-жылдын 6 айында жалпы 120,3 км асфальтбетон катмарын төшөдү. Анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен 117,3 км (тек бюджет – 44,7 км, ГКВ – 72,6 км), инвестициялык долбоорлордон 40,5 км асфальтбетон катмары төшөлдү. Ошондой эле, 88,6 миң м2 аянтта аңгек-чөнгөктөрдү оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде бир катар жолдор курулуп жатат.

Бедел ашуусу

Кара-Сай постунан (92 км) №6 чек ара мамысына чейинки (150 км) узундугу 58 км түзгөн «Барскоон-Бедел ө.п.–Учтурфан-Аксу унаа жолунун курулушу» долбоорунун алкагында чек арачылардын өтүүсүн камсыз кылуу үчүн убактылуу жолду куруу боюнча орточо оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолун реконструкциялоо жумуштары

«Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы тарабынан  Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 126,37 км — 141,64 км аралыгында реконструкциялоо жумуштары жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Тосор айылынан Барскоон айылына чейинки 17,183 чакырым жерде жолду кеңейтүү, жол катмарын көтөрүү, асфальтка чейинки даярдоо иштери аткарылууда. Суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулууда. 38 даана техника 80 ашык жумушчу иштеп жатат.

Ошондой эле, байланыш линиясын алмаштырууга жана жылдырууга керектүү опоралар алынып, орнотулууда.

Жол куруу учурунда убактылуу жол белгилерине керектүү материалдар сатылып алынды. Айланма жолдорду (объезд) кайра оңдоп-түзөп, кум-шагылдар төгүлүп, тапталып жатат. Жол чаңдап, айдоочуларга тоскоолдук жаратпашы үчүн маал-маалы менен суу себилүүдө.

 

Нарын-Баетов унаа жолу

Нарын-Баетов унаа жолунда (8,0 км — 13,0 км; 84,0 км – 120,0 км) капиталдык ондоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө жер жумуштары кызуу жүрүүдө.

Жолдун 84-120 км бөлүгүндө асфальт төшөө иштери башталды. Бүгүнкү күндө 600 метр асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлдү. Иштер уланууда.

2024-жылга карата капиталдык салымдар беренесине ылайык, Нарын-Баетов унаа жолунун 8-13 км (Ак-Кыя), 33-38 км жана 84-120 км бөлүктөрүнө план боюнча жалпысы 20 км асфальт төшөө иштери каралган. Азыркы учурда жер жумуштары уланууда.

Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолунда учурда Чолпон-Ата шаарынын ичинен өткөн бөлүгүндө, “Ипподром” участкасында жана жолдун 5-12,5 км аралыктарында жумуштар жүрүп жатат.

Курулуш иштери башталгандан бери 101,6 км асфальт катмары жолдун эки тарабына төшөлдү.

Ош-Баткен-Раззаков автожолунун узундугу 13 км түзгөн аралыгында (34,4км -40,4км) капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө, анын ичинде учурда 2 көпүрөнүн курулушу улантылууда. Курулуш иштери башталгандан бери 13 км асфальттын астыңкы катмары жолдун эки тарабына төшөлдү. Азыркы учурда дагы 6 км участокто 4 тилкелүү жолду куруу иштери башталды.

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автожолунун 0-100 км аралыгын капиталдык оңдоо боюнча курулуш иштери башталгандан бери 9 км асфальт катмары жолдун эки тарабына төшөлдү. 10 даана суу өткөрүүчү түтүктөр курулду. Жолдун бардык узундугунда жер жумуштары, жолду кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат.

Инвестициялык долбоорлор боюнча

         2024-жылдын 6 ай ичинде инвестициялык долбоорлор боюнча жалпысынан 40,5 чакырым жол салынып бүттү.

“Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 1-Фазасын куруу” долбоору боюнча узундугу 3 890 метр болгон Көк-Арт ашуусу аркылуу өткөн туннелдин  ичин бетондоо жумуштары аяктады.

Азыркы учурда штольнянын ичин, түштүк порталдын дубалын жана кабель кудуктарын бетондоо, дренаж казуу, туннель менен штольняны бириктирген өтмөктөрдү бетондоо жумуштары жүрүп жатат.

Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун Эпкин-Башкууганды участогунда (89-159 км ) асфальтобетондун төмөңкү катмары 9,5 км жана 15,7 км асфальтобетондун үстүңкү катмары (ЩМА) төшөлгөн.

Бишкек – Ош автожолунун Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки участокто (узундугу 67 км 507,5 – 574,5 км) бүгүнкү күндө долбоор боюнча иштердин негизги көлөмү аяктады жана долбоордук участок кемчиликтер үчүн Подрядчынын жоопкерчилигинде турат.

Мындан сырткары, Бишкек – Кара-Балта жолу толугу менен бүттү, учурда Подрядчы ТжКМдин жумушчу комиссиясы тарабынан текшерүүнү жүрүшүндө аныкталган деффектерди жоюу иштерин алып барууда.

 Бишкек – Ош автожолунун 246-чакырымындагы көчкүгө каршы галерея толук бүткөрүлүп, 2023-жылдын 19-октябрында ачылыш аземи болуп өткөн. 2023-жылдын 31-октябрынан тартып кемчиликтерди оңдоо мезгили башталды (узактыгы 1 жыл б.а. 2024-жылдын 31-октябрына чейин).

Ал эми, Түп-Кеген (39-76 км) жана Каркыра-Турук-Сары-Жаз (0-13 км) унаа жолдорунда жалпы 11,0 чакырым асфальт катмары төшөлдү.

Талас-Тараз жолундагы Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча иштер 100%га бүтүп, 24-июнда салтанаттуу ачуу аземи өтүп,  колдонууга берилди.

Ысык-Кол айланма автожолунун 104-184,5-чакырымына Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки участокту реконструкциялоо долбоору боюнча иштер башталып, азыркы учурда кызуу жүрүп жатат.

            Автомобиль транспорту

2024-жылдын 6 айында лицензия жана  уруксат кагаздарын берүүдөн, салмак өлчөмдөрүн таразалоо жана өлчөөдөн, бөлүнбөгөн  жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана  зыяндын ордун толтуруудан, административдик айыптардын салынышынан жалпысынан 72,9 млн сом түшкөн,  2023-жылдын 6 айына салыштырмалуу (42,3 млн сом) бул 72%га көп.

Учурда республикада 1837 калктуу конуш бар, анын ичинен 1669 калктуу конуш автобустук каттам менен камтылган, бул 90,8% түзөт, 168 (9,2%) камтылган эмес.

2024-жылдын 1-июлуна карата 1033 автобустук каттам бар. Учурда 1021 каттам иштеп жатат.

Отчеттук мезгилде 12 жаңы каттам ачылып, 17 каттам калыбына келтирилген, 20 каттам ар кандай себептер менен убактылуу токтотулуп жабылган.

2024- жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кыргыз автоташуучулары тарабынан 131361 каттам аткарылып, 2072982 тн. жүк ташылган. Ал эми 2023-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу жүк ташуу 26,4%га өскөн же 96868 каттам аткарылып, 1639416 тн. жүк ташылган.

Кыргыз темир жолу аркылуу 2024-жылдын 6 айынын ичинде 4 020,5 миң тонна же 91,9 %, жүк ташылды.

Кыргыз темир жолу тарабынан 2024-жылдын 6 айынын ичинде 109 241 жүргүнчү ташылды.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. 2024-жылы 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоору боюнча Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы Келишимди ратификациялоого кол койгон. Мыйзам «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет.

 

«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолун куруу боюнча 10-29,812 км — жумушчу долбоор мамлекеттик экспертизадан өттү, курулуп жаткан объекттердин мамлекеттик реестрине киргизилди. Бүгүнкү күндө 10-25 км участок толугу менен бүткөрүлүп, 18 км жогорку жолдун курулушу бүткөрүлдү. 32-чакырымына чейин жер кыртышын куруу улантылып, 29-чакырымына чейин суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулууда. 37-чакырымында бургулоо-жардыруу иштерине даярдык көрүлүп, өлчөөлөр жүргүзүлүүдө.