mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары  –  Т. Солтобаев  «Кабар» агенттигинде 6 айдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү

2024-жылдын 25- июль айында «Кабар» маалымат агенттигинде 6 айдын жыйынтыгы боюнча  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар Биринчи  министринин орун басары  – Солтобаев Талантбек Осмонбекович жана Министрликтин алдындагы мекеме ишканалардын жетекчилери менен маалыматтык жыйын  өттү.  Маалыматтык жыйында Министрликтин жол, транспорт, темир жол, инвестициялык долбоорлор  тууралуу министирдин орун басары Т.Солтобаев айтып берди. Министрлик тарабынан 6 айдын ичинде төмөндөгү жумуштар аткарылган.  6 айдын ичинде жалпы 117,3 чакырым жолго асфальт-бетон катмары төшөлдү.  Анын ичинен учурдагы бюджеттин эсебинен 44,7 чакырым, капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 72,6 чакырымга асфальт жаткырылды. Мындан тышкары, 19,2 чакырымга шагыл катмарын төшөө, 88 миң 607 м2 аянтта аң-чөнөктөр толтурулду.

 

Мамлекеттик бюджеттен тышкары Инвестициялык долбоорлордун эсебинен ишке ашып жаткан бир нече долбоорлор тууралуу токтоло кетти.  Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолундагы Кыргызстандагы эң чоң “Көк-Арт”  Туннелдин ичиндеги негизги бетондоо жумуштары аяктаганы, штольнянын ичин бетондоо жумуштары 37,6 м түзгөнү тууралуу айтып өттү. Азыркы учурда штольнянын ичин бетондоо, түштүк порталдын дубалын бетондоо, дренаж казуу, кабель кудуктарын бетондоо жана туннель менен штольняны бириктирген өтмөктөрдү бетондоо жумуштары жүрүп жатат. Мындан тышкары Эпкин – Башкууганды, Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр авто жолдорундагы курулуш тууралуу маалымдады.

 Ал эми транспорт тармагы боюнча Министрликке караштуу Жерде жүрүүчү  жана суу транспорту департаменти  2024-жылдын 6 айында лицензия жана  уруксат кагаздарын берүүдөн, салмак өлчөмдөрүн таразалоо жана өлчөөдөн, бөлүнбөгөн  жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана  зыяндын ордун толтуруудан, административдик айыптар салынып, жалпысынан 72млн, 901миң 800 миң сом түшкөнүн, мындан тышкары «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасы тарабынан долбоорлонуп жаткан «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоорун «Балыкчы — Кочкор – Кара-Кече»  темир жолунун курулушу тууралу айтып өттү. 

 Министрликтин маалымат кызматы