mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сел түшкөн унаа жолдорду тазалоо иштери кызуу жүрүүдө

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел эң көп катталган Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Араван, Өзгөн, Ноокат райондору, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай жана башка райондордо жолдорду калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланууда.

Аймакты караган №37 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Ноокат-Араван (9-чакырымы) унаа жолу тазаланып, эки тараптуу каттам берилди. Учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ал эми Жалал-Абад-Казарман (63-98-чакырымдар аралыгы, сел суулары 6 жерден түшкөн) унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу, тазалоо жумуштары жүрүп жатат. Саналуу саат аралыгында каттам берилери болжолдонууда. Ошондой эле, Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 49-51-чакырым аралыгында каттам жок. Жерине тартылган техникалар тазалоо иштерин жүргүзүп, жолду ачуу аракетин көрүп жатышат.

Мындан тышкары, Жаңы-Арык-Кызыл-Суу, ПАД-Кара-Сөгөт, Садырбай-Каратай жана башка унаа жолдордо каттам бар. Кеңейтүү иштери жүрүп жатат.  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы