mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Аламүдүн-Мыкан-Дачный жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн-Мыкан-Дачный унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жумуштар «Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №39 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылууда.

Быйыл титулдук тизменин планы боюнча аталган жолдун 3 чакырымына асфальт төшөө каралган.

Бүгүнкү күндө 410 метр жер жасалды.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы