mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Балыкчы –Чолпон-Ата- Корумду автожолунун 56 чакырымындагы сел каптаган жол ачылды

2014-жылдын 11- юлунда кечки саат 19:20 да нөшөрлөгөн жаандын айынан Балыкчы –Чолпон-Ата- Корумду автожолунун 56 чакырымында тоо жак тараптан сел жүрүп жолду суу каптаган.

Селдин кесепетин жоюп, элге тынымсыз каттамды камсыз кылуу үчүн подрядчы уюм Лонг Хай Жоопкерчилиги чектелген коомунун автогрейдери жана 2 погрузчик тартылып саат 20:00 жол суудан тазаланган.

Маалымат катары айтып кетсек: Балыкчы –Каракол-Балыкчы айланма унаа жолунун Балыкчы-Тамчы –Чолпон –Ата –Корумду тилкесинде 5 чакырымдан -12 чакырым аралыгында асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы