mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Талас аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өлкөнүн бардык аймагындагы жалпы пайдалануудагы жолдордо жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө салынган убактылуу чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Талас аймактык башкармалыгы транспорт көзөмөлдөө пункту кызматкерлери тарабынан жалпы пайдалануудагы жолдордо жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү иштерин жүргүзүүдө.
Мындай чектөө 1-июндан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгон учурда асфальт төшөлгөн жолдордун сапатын сактоо жана аларды бузууга жол бербөө максатында республикадагы бардык салмак-габариттик көзөмөл постторунда саат 10:00дөн 20:00гө чейин чектөө киргизилген.
Салмак көзөмөл посторунун стационардык кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Талас аймактык башкармалыгынын кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. 1-июндан бүгүнкү күнгө чейин 1704 жүк ташуучу унаа токтотулуп 35 протокол түзүлүп, 325 миң 500 сом айып салынган.
Бөлүнбөгөн жүктөрдү ташууга 57520 сомго бир эле жолу берилүүчү атайын уруксатты берилген. Ошол эле учурда жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.

Жогоруда айтылган чектөө төмөнкүлөргө тиешеси жок:
жүргүнчүлөрдү ташуу;
гуманитардык жардам ташуучу унааларына;
тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташуучу транспорт;
атайын уруксаттын негизинде көлөмдү жүктөрдү ташуу;
жолдорду курууга жана оңдоого тартылган транспорт (берилген ордер негизинде).

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин пресс кызматы