СЕЛ: Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу жабылды
- 65 просм.
Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда сел жүрүп, жолдун 71-чакырымында (эки жерде) каттам токтоду. Азыркы тапта да жамгыр катуу жаап жатат.
Ошондой эле, 133-135-чакырымдар аралыгында (3 жерде) жол бир тараптуу болуп калган. Сел түшкөн тилкелерге “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №959 Жол тейлөө мекемесинин жолчулары жана тиешелүү техникалар тартылууда. Кошумча маалымат берилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы