Асфальт төшөө иштери…
- 83 просм.
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 28-32-чакырымдар аралыгына асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №26 Жол тейлөө мекемесинин (ЖТИ) кызматкерлери иштеп жатышат.
Ошондой эле, №21 ЖТИнин карамагындагы Ош-Төлөйкөн унаа жолуна капиталдык салымдар беренесинин эсебинен асфальт төшөө (1,6 чакырым) жумуштары жүрүп жатат.
Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы