Селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө
- 76 просм.
Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел эң катталган Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана башка райондордо жолдорду калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланууда.
Бүгүнкү күндө бардык унаа жолдордо каттам бар.
Белгилей кетсек, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн сел жалпы 9 көпүрөнү алып кеткен. Анын 8и калыбына келтирилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы