mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Сосновка жана Кара-Көл постторунда QR-код аркылуу накталай эмес түрдө төлөөнү киргизүү пландалууда

Сосновка жана Кара-Көл постторунда унаалардын өтүүсү үчүн төлөмдөрдү QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Сосновка өткөрмө постуна барып, тесттик режимде ишке киргизилип жаткан накталай эмес төлөм системасы менен таанышты.

Калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында киргизилип, сыналып жаткан программа тууралуу толук маалымат алган министр иш жүзүндө пайда болгон айрым майда кемчиликтерди жоюу менен элдин ыңгайлуулугу үчүн тез арада киргизүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, накталай эмес төлөм системасы министрликке караштуу “Өндүрүштүк инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан иштелип чыгууда. Азыркы тапта да төлөм чогултуу адам факторунун кийлигишүүсү жок терминал аркылуу ишке ашып жатат.

Мындан тышкары, эки посттун кириш-чыгыш жолдорун кеңейтүү планда бар.

Эске салсак, буга чейин төлөм топтоо көзөмөлүн күчөтүү максатында Сосновка жана Кара-Көл постторунда видеокамералар орнотулуп, анын жыйынтыгында төлөм чогултуудан түшкөн каражаттын көлөмү кескин жогорулады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы