mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Талас облусуна караштуу Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде «Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №48 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

Быйыл аталган жолдун 3 чакырымын оңдоо каралып, бүгүнкү күндө бир чакырым аралыкка асфальт жаткырылды.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы