mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 54-57-чакырымдар аралыгында селдин кесепеттерин жоюу, кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Жерине №37 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылган.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-июнь күнү саат 22:00дор чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда каттам үчүн кыйынчылыктар жаралган.

Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 70-72 жана 82-чакырымдар аралыгында бир тараптуу каттам бар. Селдин кесепеттерин жоюу, тазалоо иштери №959 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы