mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун сел түшкөн тилкесин калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Жол тазалоо жана кеңейтүү иштери аймакты караган #959 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-июнь күнү кечки саат 17:30дар чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунунун 133-чакырымында каттам үчүн кыйынчылык жаралган.

Учурда күн бүркөө, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы