mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Оор жүк ташыган унааларга киргизилген чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 1-июндан тарта абанын температурасы 28 С жана андан жогору болгон учурда салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө салынган убактылуу чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Баткен аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан тартипти бузган 9 унаа токтотулуп, ашыкча жүк жүктөгөн, чектөөгө карабай асфальт жолго чыккан жана инспекторлорго баш ийбеген айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен бирге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде (181,185, 199, 393- беренелери) 67 миң сом айып пул салынды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы