mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы эски жол белгилер алынып, жаңыланууда

Жумуштар №34 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолдун 65-70-чакырымдар аралыктарында жүрүп жатат.

Эске салсак, жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо максатында буга чейин Бишкек- Нарын-Торугарт жолуна атайын буферлер да орнотулган. Жолдун ортосундагы тосмолордун баш-аягына коюлган атайын челектер ачык түскө ээ болуп, түн ичинде да алыстан көрүнөт.

Кырсык болгон учурда буферлер соккуга туруштук бере алат, бул унааларга келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы