mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолуна асфальт төшөлдү

Чүй облусуна караштуу Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №954 Жол тейлөө мекемеси тарабынан 3 чакырым аралыкка асфальт жаткырылып, жумуштар толук жыйынтыкталды.

Быйыл негизинен жалпы 15 чакырымды түзгөн Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолунун 0-1, 8-9 жана 11-12-чакырымдар аралыгына 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы