Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери эл аралык сертификаттарга ээ болушту
- 72 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча уюштурулган 2 күндүк семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен өткөрүлүп, контракттарды башкаруу, ФИДИК стандарттарынын негизинде типтүү келишимдер жана жол курулушундагы инновациялык технологиялар жаатында билим деңгээлин жогорулатуу максатын көздөгөн семинардын соңунда кызматкерлер тест тапшырып, анын жыйынтыгы менен эл аралык сертификаттарга ээ болушту.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев сертификаттарды тапшырып жатып, кызматкерлер алган билимдерин иш жүзүндө колдонуп, Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да ишке ашыра аларына ишенимин билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин тренинг, семинар, окутуулар үчүн жылына 10дой кызматкерлер чет өлкөгө жөнөтүлүп келсе, эми чет өлкөлүк тажрыйбалуу адистер Кыргызстанга келип, билгени менен бөлүшүп, ондогон кызматкерлерди окутуп жатышат. Мындай тренинг, семинарлар буга чейин Нарында, Бишкекте, Ошто уюштурулган.
Транспорт жана коммуникациялар министринин демилгеси менен кызматкерлердин билимин жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулуп жаткан окутуулар үзгүлтүксүз уланмакчы.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы