mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ысык-Көлдөгү туристтик тейлөө борборлорунун курулушун текшерип келди

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары – Ы.Ж. Бариев  Ысык-Көлдөгү беш туристтик тейлөө борборлорунун (ТТБ) курулуп жаткан объектилерине барып, курулуш иштердин жүрүшү менен жана долбоорду жүзөгө ашыруунун натыйжалары менен таанышып келди.

ТТБ куруу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу Программасынын үчүнчү фазасы» (РКЖП БА-3) долбоорунун алкагында «Ысык-Көл облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү» компонентинин бир бөлүгү болуп саналат.

Долбоор жергиликтүү жана чет элдик туристтер үчүн жол жээгиндеги жагымдуу инфраструктураны түзүүгө багытталган, саякатчылар үчүн керектүү кызматтарды, анын ичинде маалымат борборлорун, кафелерди, кичи маркеттерди, ыңгайлуу дааратканаларды, унаа токтотуучу жайларды, биринчи жардам пункттарын, ошондой эле электрондук шаймандарды кубаттоо мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Текшерүүнүн алкагында Министрдин орун басары Балыкчы менен Түптөгү ТТБ карап чыгып, иштин жүрүшү жана алардын даярдык деңгээли менен таанышты. Ы.Ж. Бариев ТТБдын курулушу Ысык-Көлдөгү инфраструктураны жакшыртып жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берерин белгилеп, Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүдө бул долбоордун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

ТТБдын курулушу аяктагандан кийин алар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин балансына өткөрүлүп берилет. Балыкчыдагы ТТБ ачылыш аземи 2024-жылдын июнь айынын орто ченине пландаштырылган.

Туристтик тейлөө борборлорунун курулушун ийгиликтүү аяктоо саякатчыларга заманбап ыңгайлуулуктарды жана сапаттуу инфраструктураны сунуштоо менен Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүүгө олуттуу салым болуп калат. Долбоор Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө жана дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулуусун баса белгилейт.