mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кеме айдоочулардын  билими текшерилүүдө

             КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин   Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын Суу транспорт секторунун кызматкерлери 2024-жылдын 15-майынан тартып, Чолпон-ата шаарындагы кеме айдоочулардын  командалык курамынын билимин текшерип, аларды аттестациядан өткөрүшүүдө.

           Ошондой эле, бул иш-чаранын алкагында  40 сааттык окутуу программасынын жыйынтыгы менен кеме айдоочуларга күбөлүктөр тапшырылууда.

         Мындан тышкары, учурда  Суу транспорт секторунун  башчысы О. Батыркановдун жетекчилиги менен инспекторлор облустагы кеме айдоочуларга мыйзамда  көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу боюнча эскертүүлөрдү таратышууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.